БСД-2021: Жаратылыш ресурстары министринин эмнеси бар?

03.01.2023, 13:03 Акчабар
БСД-2021: Жаратылыш ресурстары министринин эмнеси бар?

Кыргызстандын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова 2021-жылы 758 миң 603,03 сом киреше тапкан. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы жакында жарыяланган бийликтеги кызматкерлердин декларациясында айтылат.   

Маалыматка ылайык, министр 144 чарчы метр батирге ээ. Мындан тышкары, Кутманованын менчигинде 247,3 чарчы метр өндүрүштүк имарат, 6,26 гектар төрт айыл чарба багытындагы жер тилкелери, ошондой эле 0,32 гектар жер тилкеси бар экендиги белгиленет.

Декларацияга ылайык, 2021-жылы Экология бөлүмүнүн башчысынын жакын туугандарынын каржылык кирешеси болгон эмес, аларга кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү катталган эмес.
Динара Кутманова 2020-жылдын ноябрында Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалса да, 2020-жылы мүлкүн декларацияда көрсөткөн эмес.

 

Тэги: новости Кыргызстана экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу