Энергетика министрлиги: «CASA-1000» курулушу жигердүү жүрүп жатат

09.06.2023, 11:23 Акчабар
Энергетика министрлиги: «CASA-1000» курулушу жигердүү жүрүп жатат

Кыргызстандагы CASA-1000 долбоорун ишке ашыруунун алкагында 500 кВ электр берүү чубалгысы (ЭБЧ) жана “Датка” 500 кВ көмөк чордонун куруу иштери уланууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, учурда 1243 тирөөчтүн курулуш аянтчаларына кирме жолдорду куруу, тирөөчтүн чуңкурларын казуу, тирөөчтөрдү арматуралоо жана бетондооо иштери аяктады. 

“Азыркы тапта тирөөчтөрдү орнотуу иштери жүрүп жатат, 1125 тирөөч орнотулду жана 186,8 чакырым зымдар тартылды. Жалпысынан Кыргызстан боюнча 500 кВ электр берүү чубалгысынан “Датка” көмөк чордонуна чейин 456 чакырым электр берүү чубалгысы тартылат”, - деп айтылат маалыматта. 

Белгилеп кетсек, “CASA-1000” долбоору Борбордук Азия менен Түштүк Азиянын - Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан жана Пакистандын энергетикалык тутумдарын байланыштырууга багытталган жана эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясын сатуу боюнча механизмдерди иштеп чыгат.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу