Энергетика министрлиги жылуулук берүүдө көйгөй болбооруна ишендирди

02.02.2024, 10:03 Акчабар
Энергетика министрлиги жылуулук берүүдө көйгөй болбооруна ишендирди

Түндө Бишкек Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) авария болуп, айрым жабдуулар иштебей калган. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов басма сөз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, көйгөйлөргө карабай ЖЭБ электр жарыгын берүүнү улантат жана учурда окуянын чоо-жайын тактоо үчүн комиссия түзүлдү. Алдын ала божомолдор боюнча, кырсыктан отказан цехиндеги 14-от казан жабыркап, жылуулук берүү жарым-жартылай токтотулган.

“Учурда система рециркуляциялык режимде иштеп жатат, башкача айтканда, суу түтүктөр аркылуу агып жатат, бирок анын температурасы демейдегиден төмөн жана ишкананын ишин тез арада калыбына келтирүү үчүн бардык чаралар көрүлүүдө. 2-3 күндүн ичинде ЖЭБдин нормалдуу иштөөсүн толугу менен калыбына келтирүүнү пландап жатабыз”, - деп белгиледи Насипбек Керимов.

Тэги: Бишкек ЖЭБ авария жылуулук кырсык Энергетика министрлиги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу