Энергетиктерге катуу суукка даярдануу тапшырмасы берилди

09.01.2023, 09:58 Акчабар
Энергетиктерге катуу суукка даярдануу тапшырмасы берилди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев “Улуттук электр тармактар” ишканасынын курамына кирген Чүй электр тармактар ​​ишканасынын иши боюнча өткөн жыйында жылытуу мезгилинде керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо милдетин койду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Бакыт Төрөбаев өлкөнүн жети аймагындагы электр тармактар ​​ишканалары алдыдагы катуу суукка толук даяр болушу керектигин белгиледи.

“Айрыкча күз-кыш мезгилинде ишканаларды жана калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо энергетиктердин негизги милдети. Кийинки аптадан баштап аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлүүдө. Ошондуктан, бүгүнтөн тарта бардык аймактык электр тармактар ​​ишканалары бардык көмөкчордондордун жана электр чубалгыларынын ишенимдүүлүгүн тыкыр текшерүүнү баштоосу зарыл”, - деди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.

Ошондой эле, ал быйылкы жылга тиешелүү электр жабдууларын сатып алуу, монтаждоо жана оңдоо иштерин тездетүүнү тапшырды. Мындан тышкары, Энергетика министрлигине электр энергиясын жоготуулардын алдын алууга жана азайтууга көмөкчү боло турган акылдуу эсептегичтерди ишке киргизүү боюнча ишти күчөтүүнү тапшырды.

 

Тэги: экономика энергетические ресурсы национальные энергетические сети новости Кыргызстана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу