Энергетика министрлигинин тапшырмасы ылайык, “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ААК Жаңы жылдык майрам күндөрү ошондой эле, иш күндөрүнүн жылдырылышын эске алуу менен күчөтүлгөн режимге өтөт.
Бул күндөрү борбордук аппараттын ишканасынын жетекчилигине, бардык филиалдардын жетекчилерине, ошондой эле “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ААКнын жооптуу кызматкерлерине кезмет уюштурулат.
Штаттан тышкаркы абал жаралган учурда ыкчам жоюунун схемасын иштеп чыгуу менен авариялык оңдоо запасы даярдалган. Бардык ремонттук бригадалар зарыл запастык бөлүктөр менен камсыз болгон. Энергетика объектилерин коргоо боюнча чаралар күчөтүлдү.