ЕРӨБ Кыргызстанда ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар

12.04.2022, 15:56 Акчабар
ЕРӨБ Кыргызстанда ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар

Экономика жана коммерция   министри Данияр Амангелдиев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Борбордук Азиядагы башкаруучу директору Жужанна Харгитай жана аталган банктын Кыргызстандагы офисинин директору Айтен Рустамова менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жолугушууда энергетика тармагындагы маселелер, ирригация, транспорт жана инфраструктура тармагындагы бир катар инвестициялык долбоорлор, ошондой эле кичи жана орто бизнести колдоо боюнча долбоорлор талкууланды. Министр кыргыз тараптын Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан долбоорлорго жана программаларга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даярдыгын ырастады.

“Өз кезегинде Жужанна Харгитай айым ЕРӨБ Кыргызстанга ишкердикти, энергияны үнөмдөөчү долбоорлорду жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүдө колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи. Ошону менен бирге Харгитай айым айыл чарба кластерлерин өнүктүрүүгө жана ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди”,- деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, тараптар аялдардын ишкердигин өнүктүрүү, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча долбоорлорду, ошондой эле бир катар пландаштырылган долбоорлорду талкуулашты. Мындан ары эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, жаңы биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча макулдашышты.

Тэги: ЕРӨБ  энергияны үнөмдөөчү долбоор бизнести колдоо

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу