ЕРӨБ Кыргызстандагы «жашыл долбоорлорду» колдойт

30.01.2023, 09:58 Акчабар
ЕРӨБ Кыргызстандагы «жашыл долбоорлорду» колдойт

Лондон шаарында Кыргызстандын Улуу Британиядагы Элчиси Улан Жусупов Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Башкы катчысы Казухико Когучи менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Жолугушууда “жашыл” демилгелерди ишке ашыруу, климаттын өзгөрүшү жана “жашыл экономика” багытындагы долбоорлор талкууланды. Элчи Улан Жусупов учурда Кыргызстан туруктуу өнүгүү маселелерине басым коюп жаткандыгын баса белгиледи. 

“Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө Кыргызстандын негизги механизми анын бай гидропотенциалга ээ болушу. Бүгүнкү күндө өлкө гидропотенциалдын 10%ын  гана пайдаланууда. Анткени бул тармакка чоң инвестиция керек. Кыргызстан күн жана шамал энергостанцияларын курууда. Ошондой эле, өлкө “жашыл экономиканын” атап айтканда, “жашыл” транспорттун, “жашыл” айыл чарбанын, “жашыл” өнөр жайдын жана башка тармактагы долбоорлорду ишке ашырууда чоң мүмкүнчүлүктөрдү сунуштай алат”, - деди ал. 

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында ЕРӨБгө чакан ГЭСтерди куруу боюнча бир катар инфраструктуралык долбоорлор, анын ичинде Жогорку Нарын каскадынын курулушу сунушталды. 

Башкы катчы Казухико Когучи ЕРӨБ сунушталган долбоорлорду кароого даяр экенин айтып, ЕРӨБ Кыргызстанда “жашыл долбоорлорду” ишке ашырууга, анын ичинде энергетиканы модернизациялоого кызыктар экенин белгиледи. 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу