Эргешов Кыргызстандын транзиттик потенциалын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады

27.01.2022, 13:53 Акчабар
Эргешов Кыргызстандын транзиттик потенциалын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады

Гуанчжоу шаарында Кыргызстандын Башкы консулу Хомени Эргешовдун «Даханьюнь» инвестициялык-логистикалык компаниясынын башкы директору Хуан Гуоцинь мырза менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушууда тараптар логистика, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу, туризмди өнүктүрүү, тоо-кен жана энергетика тармагында өз ара пайдалуу кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Башкы консул маектешин Кыргызстандын экономикасынын негизги тармактары жана инвестициялык климаты менен тааныштырды. Дипломат Кыргызстан географиялык жайгашуусунан улам Азия менен Европанын ортосундагы транзиттик потенциалы толук ачыла элек экендигин белгиледи. Ушуга байланыштуу логистикалык компанияга Кыргызстандын транзиттик потенциалын эки мамлекеттин жана элдин жыргалчылыгы үчүн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады.

Өз кезегинде Хуан Гуоцинь мырза кыргыз тарап менен кызматташууга кызыкдар экенин жана жакынкы келечекте өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү менен таанышуу үчүн адистерди Кыргызстанга жөнөтөрүн билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар өз ара пайдалуу кызматташуу маселелерин практикалык ишке ашыруу багытында жигердүү иштөө тууралуу макулдашышты.

Тэги: Гуанчжоу шаары Башкы консул Хомени Эргешов

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу
<
×