Эл аралык банк Кыргызстандагы коронавирустан коргонуу каражаттарын өндүргөн ишканаларга жардам берет

09.04.2020, 17:15 Акчабар
Эл аралык банк Кыргызстандагы коронавирустан коргонуу каражаттарын өндүргөн ишканаларга жардам берет

Эл аралык банк Кыргызстандагы коронавирустан коргонуу каражаттарын өндүргөн ишканаларга жардам берет. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков 8-аперль күнү Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын вице-президенти Алан Пиллу менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө маалым болду.
 

Анда өлкө башчы учурдагы түзүлгөн кырдаал Кыргызстандын эле эмес, башка негизги соода-өнөктөш өлкөлөрдүн экономикасына жана ишкер чөйрөгө терс таасирин тийгизип жатканын белгилеген.

Өз кезегинде аталган банктын вице-президенти Алан Пиллу коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө кыргыз тарапка тилектештигин билдирген. Анын алкагында банк тарабынан жеке секторго, өзгөчө коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү үчүн гигиена, жеке коргонуу каражаттарын өндүргөн ишканаларга колдоо көрсөтүү жана жеңилдетип каржылоо варианттары каралып жаткандыгы белгилүү болду.

Тараптар кызматташуунун жакынкы келечекке багыттары боюнча да сөз кылышкан.

Анда Алан Пиллу дүйнөлүк кризистик кырдаалга карабастан белгиленген бардык долбоорлор өз маалында ишке ашырылат деп ишендирди.

Тэги: ЕРӨБ  Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу