Эртең Бишкекте жалпы шаардык ишембилик өтөт

15.09.2023, 14:14 Акчабар
Эртең Бишкекте жалпы шаардык ишембилик өтөт

Эртең, 16-сентябрда Бишкек шаарында күзгү жалпы шаардык ишембилик өткөрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди. 

Маалыматка ылайык, көчөлөр, короо-сарайлар, сейил бактар ​​жана бакчалар тазаланат. 

“Тазалоодо өзүбүздүн имараттарга жана курулуштарга жанаша жайгашкан ирригациялык тармактарды, шаардагы сейил бактарды, гүл бакчаларды тазалоого өзгөчө көңүл бурулат. Чарбалык субъектилер, уюмдар жана мекемелер үчүн ишембилик өткөрүлө турган жерлер райондук администрациялар тарабынан аныкталды”, - деп билдирди мэриядан.

Мэрия бардык жарандарды ишембиликке чыгууга чакырды.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу