22-майда борбор калаанын “Тунгуч” кичирайону, “Рухий Мурас” жана “44 га” конуштарында суу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, “Сельский” суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүү пландалууда.
Аталган иштердин алкагында 9:00дөн 20:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки мекемелерге, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге таза суу берүү токтотулат.