Эртеңден тарта 1,5 миңге жакын мектеп кадимки тартипте иштей баштайт

10.11.2020, 16:15 Акчабар
Эртеңден тарта 1,5 миңге жакын мектеп кадимки тартипте иштей баштайт

Билим берүү жана илим министрлигинин ыкчам аракеттеринин арты менен 11-ноябрдан тартып өлкөдөгү 1 489 жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары үчүн реалдуу окуу режими жанданат. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Аймактар боюнча бөлүп караганда:

  • Нарын облусу – 142
  • Жалал-Абад облусу – 220
  • Баткен облусу – 177
  • Ош облусу – 434
  • Ысык-Көл облусу – 160
  • Талас облусу – 77
  • Чүй облусу – 279

Билим берүү министрлигинен маалымдашкандай, эки жума бою реалдуу режимде окуу процесси жанданган мектептерде мониторинг жүргүзүлөт. Эгер абал туруктуу болуп, жакшы жыйынтык көрсөтсө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана саламаттык сактоонун аймактык органдарынын макулдугу менен башка класстарга дагы реалдуу режимде окууга уруксат берилет.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында эпидемиологиялык абал оор болгондуктан, Республикалык штаб жана Саламаттык сактоо министрлиги мектептерде реалдуу режимде окууну жандандырууга уруксат берген жок.

Тэги: министрлик мектеп

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу