«Евразия сактык банкы» уставдык капиталын 170,6 млн сомго көбөйттү

23.04.2024, 16:40 Акчабар
«Евразия сактык банкы» уставдык капиталын 170,6 млн сомго көбөйттү

Кыргыз фондулук биржасынын биринчи рыногунда “Евразия сактык банкы” ААКсынын акциялары менен бүтүм жүргүзүлдү. Бул тууралуу КФБнын соода статистикасы тастыктайт. 

Бүтүмдүн алкагында бир акция 20 сомдон 8 млн 531 миң 164 акция сатылды. Натыйжада банк биржа аркылуу 170 млн 623 миң сом тартты. 

Түшкөн каражат “Евразия сактык банкынын” уставдык капиталын көбөйтүүгө жумшалат. Натыйжада 811 млн 81 миң сомду түзөт.

Кошумчалай кетсек, быйылкы жылдын 15-январынан бери банктын 60,95%ы, же 19 млн 516,7 миң акциясы Улуттук инвестициялык агенттикке таандык.

Тэги: новости экономика Кыргызстана КФБ Евразийский сберегательный банк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу