Эсептик чен деген эмне?

16.03.2022, 16:56 Акчабар
Эсептик чен деген эмне?

Эсептик чен – бул Улуттук банк тарабынан орнотулган чен, ал экономикадагы акча ресурстардын наркын аныктоочу негизги ориентир болуп эсептелинет. Эсептик ченди өзгөртүү менен Улуттук банк финансы ресурстардын наркын жөнгө салат, ошону менен кредиттер жана депозиттер боюнча чендерге да таасир кылат. 

Улуттук банктын эсептик чени коммерциялык банктар үчүн акча-кредит саясатынын курсу боюнча сигналы катары каралат. Эсептик чен боюнча чечим отчеттордун, анализ жүргүзүү жана экономикада мүмкүн боло турчу өнүгүү сценарийлердин негизинде кабыл алынат. Мында, эсептик чендин өлчөмүн аныктоо үчүн, биринчи кезекте, инфляция боюнча болжолдорго ориентир алынат.

Күнүмдүк жашоодо биз баардыгыбыз билебиз, коммерциялык банктар боюнча кредиттердин чендери деген эмне экенин. Бул экономикадагы акчалардын айкын наркы болуп эсептелинет, бул чен боюнча комерциялык банктардан калк акча алса болот.

Негизи, өнүккөн финансы системасында коммерциялык банктар өзүнүн пайыздык чендерин аныктап жаткан учурда, алар Улуттук банктын эсептик ченине ориентир алышы керек. Улуттук  банктын эсептик чени жогору болсо, банктык продуктылар (кредиттер, депозиттер) боюнча дагы пайыздык чендер жогору болот, же тескерисинче.  

Тэги: эсептик чен КР Улуттук банкы коммерциялык банк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу