Жылдан жылга жакшыруу: «РСК Банкына» 23-жыл

25.07.2019, 12:03 Акчабар
Жылдан жылга жакшыруу: «РСК Банкына» 23-жыл

Аймактарды өнүктүрүү жылында  «РСК Банкы»  четте турбай,  аймактарга көңүл  буруп, айрыкча аялдарга төрөт үйлөрүнө белек беришти. Кыргызстандын облустарындагы төрөт үйлөрүнө акция жасаганын банктын маалымат кызматы билдирди. 

Төрөтканаларга  термопоттор берилип, аялдарга  дайыма ысык чай ичип турууга шарт түзүштү. Банктын кызматкерлери Араван, Исфана, Боконбаев, Чаек, Казарман, Кара-Буура, Кайыңды, Кадам-Жай төрөт үйлөрүн кыдырып, балалуу болгон энелерге тезирээек  «балага сүйүнчү»  берүү үчүн маалыматтарын чогултуп кетти. Ар бир төрөт үйүндө ошол күнү биринчи жарыкка келген наристелерге белек берилди.   

Айтмакчы,  бүгүн  25-июлда «РСК Банкы»  23-жылдык мааракесин белгилеп жатат.  Дал ушул күнү кайрымдуулук иштерин жасооо чечими мындан бир жыл мурда эле чыгарылган. Анда областык төрөт үйлөрү белекке ээ болушкан. 

Алдыда 2019-жылдын  I-жарым жылдыгы кандай өткөнү  тууралуу маалыматтар; 

Аймак өнүксө: өлкө өнүгөт

Быйылкы жыл – аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы. Дал ушул 2019-жылдын февраль айында «Аймактарды өнүктүрүү  боюнча улуттук диалог»  уюштуруп, ага президент Сооронбай Жээнбеков катышты. Андай аймактарда жеңилдетилген насыяларды алып,  иш баштагандардын көргөзмөсү уюштурулган.

«РСК Банкы» конференцияга насыя алган ишкерлерди чакырышып, эл менен тааныштырды. Анда көргөзмөнүн катышуучуларына – сыр чыгарган ишкана, бал чайкаган, консерва жапкан, асыл тукум баккан, балдар үчүн товар жасаган жана дары-дармек  өндүргөндөрдүн продукциялары коюлган. Кыргызстандын балы Кытайга экспорттолсо, балдар үчүн кийим-кече Казахстанда өтүмдүү болууда. 

 «РСК Банкынын»  ийгилиги,  аймактарда ишкерлердин иштеткен ар бир ишканасы аркылуу көрүнүүдө.  Банктын жигердүү эмгегин Кыргыз Өкмөтү менен Президенти өзгөчө белгилешүүдө. Сооронбай Жээнбеков бир нече жолу  финансы-кредиттик инститтун өкүлдөрү  менен жолугуп, анын ичинде  «РСК Банкынын» Башкармалыгынын башчысы Азизбек Оморкулов дагы катышкан. 

Учурда банк аймактарга багытталган бир нече продукцияларын сунуштоодо.  Жеңилдетилген насыялар жеке капиталдан тышкары Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду, Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан дагы берилүүдө. 

Санариптештирүү: банктар онлайн  иштей баштайт

 2018-жылы декабрда  RSK24 мобилдик тиркемесин ишке киргизген. Анын негизги максаты банк кызматтарын жеткиликтүү, ыңгайлуу жана жөнөкөй кылуу. Эң биринчи кезекте мамлекеттик жана салык төлөмдөрүн жүргүзүү.  

Алгачкы басыкчта салыктарды минималдуу комиссия 1 сом менен төлөө жасалды. А эгер бул төлөм кассада төлөнсө,  кызмат кымбатыраак болмок. Транспорт, жер салыктары менен  электрондук патент же башка кызматтарга төлөм жасоо баардыгы тиркемеде тиркелген. 

Экинчи этап, ушул жылдын башында ишке кирди. Стандартуу кызматтардан тышкары  (алардын саны 200 ашык), тиркемелерде жаңы кызматтар сунушталды: алсак, эми «Коопсуз шаар» системасындагы айып пулду,  «Элкарт» улуттук электрондук системасы арыклуу каалаган банктарга акча которуу жасай бересиз. Жакын арада, бала бакчага, мектеп, университетке акы төлөө менен насыяларды үйдөн чыкпай телефондогу тиркеме аркылуу күн-түн дебей жүргүзсө болот. Тиркеме, банктын кассасын алмаштырып, канча каражатыңыз бар, аларды кандай башкарууну сиз чечесиз.  

«РСК Банкы» – ШКУ  мамлекеттер аралык банктар биримдигине кирет

2019-жылы«РСК Банкы»  кеңсесинде меймандарды кабыл алды: анда Шанхай кызматташтыгына кирген банктар аралык биримдиктин мүчөлөрүн  (МБО ШОС) кабыл алышып, кызматташуулар боюнча максаттар коюлду. 

Учурда эки тараптуу  келишимдер жакшы натыйжалуу болууда. ШКУ  кирген мүчө-банктар кредиттик линиялар боюнча банктар аралык карыздарды берүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көлдүн жээгинде ШКУ  банктар аралык биримдиктин кеңешинде айтылды.  

«Учурда идеяны гана сунуштабай, аны кантип ишке ашырууну дароо сунуштоо заман талабы, – деп билдирди  Азизбек Оморкулов жыйынтыктоочу сөзүндө.   – Мени кубандырганы  кадыресе кызматташуудан тышкары ШКУ мүчө банктар аралык бирикмеси жана башка өнөктөш банктар мен уюмдар жаңы кызматташуунун деңгээлине чыктык. Буга биз кол когон келишимдер менен меморандумдар далил», -деп билдирди ал. 

 «РСК Банкынын»  Башкармалыгы  ШКУ кирген банктар аралык биркемесинин жаңы мүчөсүн куттукташты. 2019-жылы  Индия инфраструктуралык финансы компаниясы расмий түрдө уюмга мүчө болду. Учурда бул уюмдун кадыр баркы жогорулап, дүйнөдөгү абройлуу уюмга айланууда. 

ШКУ башкы катчысы  Владимир Норов ШКУ банктар аралык бирикмеси мүчө мамлекеттердин банк-финансы тармагындагы эң эффективдүү жана инвестициялык карым-катнаштагы мыкты институт катары баалады. 

Сергек комппанияда сергек жашоо же социалдык жоопкерчиликтүү болунун максаты

Майда адатка айланган жөө жарыш Ысык-Көлдүн жээгинде «РСК Банкынын» –  Run the Silk Road – SCO  мелдеши уюштурулду. Банк  спорттук иш-чаранын расмий демөөрчүсү болду. Команданы Азизбек Оморкулов жетектеп, анда жүздөн ашык банктын кызматкерлери жарыммарафон – 21.1  чакырым чуркашты. 

Бул банктын кызматкерлери катышкан жалгыз эле мелдеш эмес.  «РСК Банкынын» кызматкерлери бир дагы мелдешти калтырбай активдүү катышууда: бул «ЖазДеми» болоюбу же  түнкү жарыммарафонбу,  Оштогу биринчи марафондобу, экомарафон Kara-Bulak Trail Fest жана дагы Кыргызстанда алгачкы уюшулган тоскоолдуктар менен жарышпы, айтоор банктагылар башкы катышуучулар.  

Банк кайрымдуулук иштерин дагы четте калтырган жок –  «Ак-Бата» жаңы конушундагы №14 Үй-бүлөлүк медицианалык борбор оңдоду. 

Ал эми социалдык жоопкерчилик дайыма жасалууда. Жарым жылда банк ишембиликтерге катышып, жергиликтүү акиматтар менен  жолугушуп, бизнес жүргүзүү тууралуу, банктардын продукцияларын колдонууга чакырган жолугушууларды байма-бай уюштуруп келишет. 

«РСК Банкы» жыл сайын элге жакын болуп, ишенимдүү жана ыңгайлуу!

Тэги: РСК Банк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу