«Азия Банкы» ЕӨБнын эсептешүү жана төлөм инфраструктурасына кошулду

21.12.2021, 09:10 Акчабар
«Азия Банкы» ЕӨБнын эсептешүү жана төлөм инфраструктурасына кошулду

Азия банкы Евразия өнүктүрүү банкынын эсептешүү жана төлөм инфраструктурасына кошулуп, корреспонденттик эсептерди ачты. ЕӨБ платформасын колдонуу Кыргыз Республикасынын улуттук төлөм инфраструктурасын ЕАЭБге мүчө башка өлкөлөрдүн төлөм инфраструктурасы менен интеграциялоого өбөлгө түзөт.

Евразия чөлкөмүн өнүктүрүүнүн алдыңкы институту катары банк тарабынан түзүлгөн эсептешүү инфраструктурасы катышуучу-өлкөлөрдүн улуттук төлөм системаларынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен ийгиликтүү иштеп жатат жана улуттук валюталарды активдүү колдонууга көмөктөшүүчү инструмент болуп саналат. Учурда ЕӨБ төлөм инфраструктурасынын колдонуучулары болуп банктын бардык 6 мүчө мамлекетинен 75 катышуучу саналат, анын ичинде борбордук жана улуттук банктар, коммерциялык банктар, биржалар, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн депозитарийлери жана эл аралык каржы уюмдары бар.

"ЕӨБнын эсептешүү жана төлөм инфраструктурасын пайдалануу Азия банкына Армениянын, Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын улуттук валюталарында, анын ичинде аларды түз конвертациялоо менен төлөмдөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. ЕӨБ төлөм инфраструктурасына кирүү транзакциялардын коопсуздугун улуттук төлөм системалары аркылуу ишке ашыруу аркылуу жогорулатат, ортомчу банктардын санын азайтат жана транзакцияга кеткен чыгымдарды азайтат", - деп белгиледи ЕӨБнын финансылык-эсептешүү кызматтары боюнча дирекциясынын жетекчи орун басары Николай Кузнецов.

Тэги: ЕАБР комбанки расчетный счет Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу