Базардагы эттин таза экенин кантип текшерсе болот?

24.11.2023, 14:33 Акчабар
Базардагы эттин таза экенин кантип текшерсе болот?

Эт сатып алууда анын тазалыгы жана тамак-аш коопсуздугу үчүн эт сатуучудан ветеринардык сыноо протоколун талап кылуу керек. Бул тууралуу “Акчабарга” Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын директорунун орун басары Бакыт Шарапов билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте майда жана ири базарларда 17 ветеринардык-санитардык лаборотория бар. Бул жерлерде эттин санитардык талаптарга жооп берип, бербестиги аныкталат. 

“Ири дүкөндөрдөн, эт сатылган жерлерден жарандар ветеринардык сыноо протоколун талап кылса болот. Эт саткан жерлерде QR код болушу керек, аны сатып алуучулар телефондун QR сканнери менен көрө алат. Анда мал качан, кайсы жерде союлган, кайсы лабороториядан өткөн, кайсы мал дарыгери караган, канча күнгө аныктама жарактуу экенин, малдын идентификациялык номерин биле алат. Эт таза болсо сүйрү мөөр басылат. Бул сатууга уруксат дегенди билдирет”, - деди ал. 

Ветеринария кызматында жаныбарларды идентификациялоо тутуму бар. Бул тутум 2017-жылдан бери иштеп келет. Анда жаныбарга бирка басылып, жаныбардын номери, мал ээси, малдын турган жери катталган. Система жакшыртылып отуруп, азыр малдын кыймылына чейин көзөмөлдөөгө алынган. Мал ээси ушул система аркылуу ветеринардык күбөлүк алат. Ошонун негизинде гана эт сатылышы керек.

Белгилеп кетсек, Кыргызстанда тамак-аш коопсуздугун сактоо максатында, Ветеринардык кызмат тарабынан 100 мал союучу жай катталып, анын 28и ветеринардык-санитардык талаптарды жооп бербегендигине байланыштуу убактылуу жабылган. 

Тэги: тамак-аш коопсуздугу эт азыктары санитардык норма уй эти

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу