Эт жана малды импорттоого коюлган айрым чектөөлөр алынды

21.02.2023, 10:06 Акчабар
Эт жана малды импорттоого коюлган айрым чектөөлөр алынды

Өзбекстандан айыл чарба жаныбарларын жана жаныбарлардан алынган азыктарды жана АКШдан канаттуулар жана канаттуулар азыктарын импорттоого коюлган чектөөлөр алынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, чектөөлөр 2022-жылдын сентябрында коюлган.

Ал эми айрым өлкөлөргө коюлган убактылуу чектөөлөр күчүндө калды. Атап айтканда, буга чейин төмөндөгү өлкөлөргө мал жана этти Кыргызстанга импорттоого тыюу салынган: 

  • Караганды облусунан (Казакстан) шарп ылаңына сезгич болгон жаныбарлар жана жаныбарлардан алынган азыктар;
  • Оренбург облусунан (Россия) шарп ылаңына сезгич жаныбарлар жана жаныбарлардан алынган азыктар. 
  • Бурятия, Башкортастандан (Россия) нодулярдык дерматитке сезгич жаныбарлар;
  • Индиядан (3 штат) нодулярдык дерматитке сезгич жаныбарлар. 
  • Монголиядан ири мүйүздүү мал, кой-эчки;
  • Афганистандан ири мүйүздүү мал жана нодулярдык дерматитке сезгич баардык жаныбарларды алып кирүүгө убактылуу чектөө киргизилген.  

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу