«Эти Бакыр Терексай» компаниясы менен алдыдагы долбоорлор талкууланды

06.06.2023, 10:20 Акчабар
«Эти Бакыр Терексай» компаниясы менен алдыдагы долбоорлор талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чаткалда алтын казган “Эти Бакыр Терексай” түрк компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Шереф Женгиз баштаган ишкананын өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Жолугушууда кыргыз-түрк ишканасынын өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелери, анын ичинде экологиялык талаптардын жана социалдык милдеттенмелердин аткарылышы талкууланды.

“Ишкана жетекчилиги Министрлер кабинети тарабынан компаниянын Тереккан, Перевальное алтын кендерин жана Терек алтын-сурьма кенин иштетүү боюнча ишмердүүлүгүнө ар тараптуу колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Тереккан, Перевальное жана Терек кендерин иштетүү боюнча долбоорду мындан ары ишке ашыруу максатында Министрлер кабинети, “Eti Bakir” акционердик коому жана “Эти Бакыр Терексай” жоопкерчилиги чектелген коому ортосунда инвестициялык макулдашууга кол коюлду”, - деп айтылат маалыматта. 

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмалар берилди.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу