«Эти Бакыр Терексай» ишканасынын бир жылдык салыгы 1 млрд сомду түзөт

14.09.2020, 11:30 Акчабар
«Эти Бакыр Терексай» ишканасынын бир жылдык салыгы 1 млрд сомду түзөт

«Эти Бакыр Терексай» ишканасында 702 адам иштейт. Анын 96% жергиликтүү эл түзөт. Жылына төлөөчү салыктын көлөмү 1 млрд сомду түзөт. Бул маалымат өкмөт башчы Кубатбек Бороновдун Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарында айтылды. 

Кубаттуулугу: жылына 1 миллион тонна руда иштет. Учурда алтын чайкоочу фабриканын курулуш иши жүрүп жатат. Ал ишке берилген соң алтын жана күмүш куймасы чыгарылат. Бул өндүрүштүн өзгөчөлүгү:  мышьягы бар кенди кайра иштетет. 

 

«Өкмөт инвесторлорго айлана-чөйрөнү коргоо талабын катуу коёт. Кыргызстанда ишмердүүлүк жүргүзүүдөгү негизги шарт милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.  Жергиликтүү эл менен туруктуу мамиле түзүү боюнча иштерди күчөтүү керек. Тагыраак айтканда,  бардык техникалык, экологиялык талаптарды сактоодогу көзөмөл боюнча элге маалымат берип туруу шарт. Бул жаратылыш байлыктарыбызды экономиканын жана элдин кызыкчылыгы үчүн рационалдуу пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзөт», - деп белгиледи Кубатбек Боронов.  

Маалымдама: «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсы биргелешкен ишкана. Анда «Кыргызалтын» ААКнын 25 %, Түркиянын «Эти Бакыр» компаниясынын 75% үлүшү бар. 

Терексай кени – өлкөдөгү тоо кен тармагында мурдатан иштеген ишканалардын бири. Ал Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терексай айылында жайгашкан.  

Тэги: Эти Бакыр Терексай Ишкана Жалал-Абад облусу Кубатбек Боронов

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу