Евразия өнүктүрүү банкы АКБ Tenge Bank менен Өзбекстандын рыногуна кирет

10.12.2021, 13:58 Акчабар
Евразия өнүктүрүү банкы АКБ Tenge Bank менен Өзбекстандын рыногуна кирет

Өзбекстандын каржы рыногунда казыналык ишмердүүлүк жана кызматташуунун алкагында операцияларды ишке ашыруу максатында Евразия өнүктүрүү банкы менен АКБ “Tenge Банкы” кызматташуу келишимине кол коюшту.

ЕӨБ делегациясынын Ташкентке болгон иш сапарынын алкагында кызматташуу келишимине ЕӨБ башкармалыгынын төрагасынын орун басары Данияр Имангалиев жана “Tenge Bank” башкармасынын төрагасы Талгат Аюпов кол коюшту.

Документке ылайык, тараптар казыналык операциялар жана корреспонденттик мамилелер боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө ниеттенүүдө. Келишимде ошондой эле ЕӨБга “Өзбек республикалык валюта биржасы” АКсында уюштурулган соодага көмөк көрсөтүү каралган.

“Биз Евразия өнүктүрүү банкы менен кызматташуунун башталышына абдан кубанычтабыз. Келишим биздин тараптардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн кыйла кеңири спектрин камтыйт – бул банктар аралык депозиттерди өз ара жайгаштыруу, валюталык операцияларды жүргүзүү, корреспонденттик эсептерди ачуу, өз ара кредиттик линияларды түзүү жана башкалар”, - деди Талгат Аюпов.

Имангалиевдин сөзүнө караганда, кол коюлган келишим ЕӨБ менен "Халык" тобунун ортосундагы узак мөөнөттүү өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталган.

“Биз “Tenge Банкты” Өзбекстандагы банктар аралык транзакциялар боюнча биринчи өнөктөш катары көргөнүбүзгө кубанычтабыз. Банктар аралык операцияларды жүргүзүүнүн жалпы шарттары боюнча келишимге кол коюу бизге быйылкы жылы биринчи казыналык операцияларды жасоого мүмкүнчүлүк берет”, - деди ал.

Банк делегациясынын Өзбекстанга болгон иш сапарынын жүрүшүндө ЕӨБ менен АКБ “Tenge Bank” ортосунда валюта жана акча рынокторунда банктар аралык операцияларды жүргүзүүнүн жалпы шарттары жөнүндө келишимге да кол коюлду.

Тэги: ЕАБР Узбекистан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу