Евронун курсу 90 рублга жетти

08.09.2020, 09:35 Акчабар
Евронун курсу 90 рублга жетти

2016-жылдын февраль айынан тарта евронун курсу алгачкы ирет 90 рублга, доллардын курсу – 76 рублга көтөрүлдү. Бул тууралуу «РИА Новости» порталы маалымдады.

Москва биржасында евро 90.02 рубль, доллар – 76.1 рубль менен сатылууда. Өз кезегинде Россиянын Борбордук казынасы берген маалыматка ылайык, евронун наркы 89,5 рубль, доллар – 75.6 рубль менен сатылган.

«Интерфакс» басылмасы билдиргендей, валюта курсунун төмөндөшүнүн себеби мунайга болгон баанын жана Россияга каршы санкциялар менен байланыштуу.

Азыркы учурда Brent маркасындагы мунайдын бир баррелге болгон баасы 42 $, WTI — 39.3 $ түзүп жатат. Белгилей кетсек, 4-сентябрда Brent маркасындагы мунайдын баасы 44.5 $, WTI — 41.8 $ түзүүдө.

Улуттук банк берген маалыматка ылайык, Кыргызстанда чет элдик валюталардын курсу төмөндөгөн:

  • евро —  0.38% (93 сом сатылууда);
  • доллар — 0.15% ( 78.6 сомдон сатылууда).

Андан сырткары, рублга жана теңгеге карата сомдун курсу 0.69% жогорулаган.

Коммерциялык банктарда доллар 78.4 сомдон 78.6 сомго чейин, евро – 92.3 сомдон 92.6 сомго чейин сатылууда.

 

Тэги: евро курс доллар теңге

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу