Официалдуу курска ылайык, евронун сомго карата наркы 0.22% жогорулап, 93.2 сомд түздү. Доллардын курсу өзгөрүүсүз бойдон калды, ал эми рублдун сомго карата курсу 1.14% жогорулады. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдады.
Коммерциялык банктарда евро 93.8-94.3 сом менен сатылууда. Ал эми доллар — 79.7-79.8 сом менен сатылып жатат.
Белгилей кетсек, Москва биржасында доллардын баасы 0.88% төмөндөп, — 73.3 рублду, ал эми евро 0.8% төмөндөп, — 91.7 рублду түздү. Россиянын Борбордук банкы берген маалыматка ылайык, доллар 78.8 рубль, евро - 92.4 рублдан сатылууда.
Эске сала кетсек, кечээ Улуттук банк 27.9 млн доллар сатып, он төртүнчү интервенциясын жасаган.