Евробиримдиктин элчиси Мэрилин Йосефсон «Түндүк» ЭӨБ иши менен таанышты

01.12.2022, 12:42 Акчабар
Евробиримдиктин элчиси Мэрилин Йосефсон «Түндүк» ЭӨБ иши менен таанышты

Кечээ, 30-ноябрда Евробиримдиктин Кыргызстандагы элчиси Мэрилин Йосефсон жана Санариптик өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрү "Түндүк" электрондук өз ара аракеттенүү борборуна барышты. Бул тууралуу Евробиримдиктин басма сөз кызматы билдирди. 

Иш сапар "Санарип Аймак" автоматташтырылган маалыматтык тутумун киргизүү боюнча Евробиримдик жана Кыргызстандын  биргелешкен иш-чараларынын жана Чүй облусуна болгон пресс-турдун алкагында өттү.

Ага Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Шаршенова Индира, Евробиримдиктин Өкүлчүлүгүнүн Кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Ханс Фарнхаммер, eGA Estonia эки тараптуу кызматташуу долбоорунун туруктуу кеңешчиси Тынис Мэе, СӨМ кызматкерлери, КР министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттигинин өкүлдөрү, ошондой эле жалпыга журналисттер катышты. 

"Биз бардыгыбыз өлкөдө электрондук өкмөт боюнча байкалаарлык прогрессти көрүп жатабыз. 2022-жылдагы Глобалдык электрондук өкмөт изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстан 81-орунду ээлеген. Бул 2020-жылкы, 83-орундан жана 2018-жылкы 91-орундан айырмаланат. Биз Кыргызстандын өзүнүн эл аралык рейтингин көтөрүү аракетин жасап жатканын баалайбыз",- Евробиримдиктин элчиси Мэрилин Йосефсон. 

 
Өз кезегинде Индира Шаршенова өз сөзүндө санариптештирүү бул жөн гана документтерди, күбөлүктөрдү, процесстерди, өз ара аракеттенүүнү электрондук форматка өткөрүүнүн натыйжасы эмес, мамлекеттик башкаруунун моделин, мамлекеттин жарандар жана бизнес менен өз ара аракеттенүүсүн трансформациялоонун терең процесси экенин белгиледи. 

«Европа Биримдиги маанилүү өнөктөш экенин белгилеп кетким келет жана биз европалык тарап санариптештирүү чөйрөсүн өз ара пайдалуу кызматташтыктын артыкчылыктуу багыты катары аныктаганын жогору баалайбыз», - деди министрдин орун басары.

Иш-чаранын жүрүшүндө "Түндүк" мамлекеттик мекемесинин директору Чыңгыз Аманатов "Түндүк" мамлекеттик порталы аркылуу электрондук кызмат көрсөтүү системасын көрсөттү.

Евробиримдик 2020-жылдан бери Кыргызстандагы санариптик трансформацияны колдоп, мамлекеттик кызматтарга бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жана санариптик ажырымдын тобокелдиктерин азайтууга колдоо көрсөтүүдө. Кыргызстанга колдоо санариптик трансформацияны башкаруу жана жетектөө боюнча улуттук бийлик органдарынын потенциалын жогорулатуу аркылуу көрсөтүлүп келет.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу