Европа Биримдиги Кыргызстандагы санариптик трансформация тармагындагы бюджетти колдоо үчүн Министрлер кабинетине 3 миллион евро (295 миллион сом) которду. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Бул чөйрөдөгү бюджеттик колдоо программалык камсыздоону иштеп чыгууга жана тармактык министрликтерде маалымат базаларын жүргүзүүгө жана бүтүндөй өлкө боюнча санариптик экономиканы өнүктүрүүгө багытталат.
Бюджеттик колдоо, ошондой эле электрондук башкарууну, ачык-айкындуулукту жана отчеттуулукту илгерилетүү боюнча мамлекеттик органдар үчүн окутуу программалары менен коштолот.
"Баарына жеткиликтүү санариптик трансформация, анын ичинде жогорку ылдамдыктагы интернет Министрлер кабинети менен Евробиримдиктин ортосундагы кызматташтыктын негизги артыкчылыктарынын бири", - деп кошумчалады Финансы министрлиги.