Европа Бирлиги жабыркаган Баткендин тургундарына 17,5 млн сом бөлдү

07.06.2021, 11:30 Акчабар
Европа Бирлиги жабыркаган Баткендин тургундарына 17,5 млн сом бөлдү

Европа Бирлиги апрель айынын аягында Баткен облусунда болгон куралдуу жаңжалга жооп иретинде 170 миң евро (17,5 миллион сомго жакын) гуманитардык жардам бөлдү. Бул тууралуу Европа Бирлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Лейлек районун кошо алганда, Баткен облусунун эң көп жабыркаган аймактарында кеминде алты миң адамга жардам көрсөтүлөт.

Бөлүнгөн каражат Кыргызстан Кызыл Жарым Ай Коому аркылуу материалдык жардам түрүндө бөлүштүрүлөт. Муну менен жабыркаган үй-бүлөлөр тез арада муктаждыктарын жаба алышат. Ошондой эле, психологиялык колдоо көрсөтүлөт жана башка маанилүү буюмдар, мисалы, биринчи жардам топтому, гигиена каражаттары жана үй буюмдары берилет. Бул каражаттар Евробиримдиктин Эл аралык Кызыл крест жана Кызыл жарым ай коомдорунун табигый кырсыктардан жапа чеккендерге жардам берүү фондуна кошкон жалпы салымынын бир бөлүгү болуп саналат.

 

 

Тэги: Евросоюз Баткен помощь

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу