Кыргызстандын экспорту 11,7%га өстү

21.11.2019, 12:48 Акчабар
Кыргызстандын экспорту 11,7%га өстү

Кыргызстандын экспорту 1356,5 миллион долларды түзүп, 11,7%га өстү. Бул тууралуу «Кабар»маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Экономика министринин орун басары Эльдар Алишеров билдирди.

«Алтындын экспорту 1,5 эсе, эт азыктарын экспорттоого 2,8 эсе, сүт азыктары 1,5 эсе, картошка 3,8 эсе, төө буурчак 1,4 эсе, бал 1,3 эсе, жашылча жемиштер 1,3 эсе, цемент 37%, айыл чарба товарлары 27,5% жана баалуу металдардын концентраттары 11%га өскөн»,-деп жазылат маалыматта.

«ЕАЭС өлкөлөрүнө болгон экспорттун көлөмү 444,3 миллион долларды түзүп, 2018-жылга салыштырмалуу 3,6%га азайган. Ал эми, үчүнчү өлкөлөргө 912,2 миллион доллар (21,0%га өсүш), КМШ өлкөлөрүнө 598,0 миллион доллар (5,4%га кыскарган), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун өлкөлөрүнө 1221,7 миллион доллар (14,4% өсүш), ЕБге 605,0 миллион долларды (1,3 эсе өсүш) түзгөн», - деп билдирди Алишеров.

Эльдар Алишеровдун айтымында, 2019 - жылдын башында Казакстан өлкөсү Кыргызстан тарапка айрым чектөөлөрдү коюп, чек арада көзөмөлдү күчөткөн.

 

Тэги: экономика министрлик экспорт Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу