Эксперт: Доллардын курсу мындан ары дагы жогорулашы мүмкүн

23.03.2020, 17:45 Акчабар
Эксперт: Доллардын курсу мындан ары дагы жогорулашы мүмкүн

Доллардын 85 сомго чейин көтөрүлүп кеткендигине байланыштуу ишкерлер менен массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүндө курска байланыштуу жагдай мындан ары кандай болот жана ал өлкөнүн экономикасына кандай таасир берет деген суроо туулган.

Tredstone Capital Partners ишканасынын башкаруучусу жана каржы эксперти Умбриэль Темиралиев өзүнүн Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасында доллардын курсу тууралуу божомолдору менен бөлүшүп, учурдагы кризистик кырдаалда ишкерлер үчүн кеңештерди берген.

Анын айтымында, Кыргызстан Орусия Федерациясынын экономикасына өтө эле көз каранды: товар алмашуунун басымдуу көлөмү (Кытайдан кийин) жана күйүүчү май материалдарынын 90 пайыздан ашууну Орусиядан келип турат.

«Орусиянын экономикасы негизинен экспорттук кирешеге, тагыраак айтканда, нефть үчүн доллардан көз каранды. Албетте, Орусия башка жаратылыш запастарына дагы бай, бирок ага карабастан нефть менен газ - Орусия Федерациясындагы америкалык валютасынын негизги булактары болуп саналат»,- деп эсептейт эксперт.

Орусия менен Саудия Арабиясынын ортосундагы баанын күрөшүнөн кийин баррель үчүн болгон баа орусиялык баардык ишканалар үчүн чыгымдуу бойдон калууда. Андан сырткары, кырдаал Америка тарабынан Орусияга карата киргизилип жаткан санкциялардын жана вирустук пандемиядан улам бүткүл дүйнө жүзү боюнча байкалып жаткан ишмердүүлүктүн активдүүлүгүнүн төмөндөшүнөн улам оорлоп жатат.

«Негиздик себептер бул жылы мунайга болгон баа Орусия үчүн пайдалуу шарттардын деңгээлине чейин түшпөй тургандыгын көрсөтүүдө. Борбордук Банк менен Каржы министрлигинин аракеттерине жана Улуттук бакубаттуулук фондунун каражаттарынын жардамына карабастан рубль төмөндөөнү улантышы толук ыктымал»,-деп белгиледи Умбриэль Темиралиев.

Анын айтымында, Кыргызстандагы доллардын курсу эки фактордон көз каранды: негиздик жана эмоционалдык-спекулятивдик. Биринчи факторго соодалык баланстын туруктуу дефицити, коронавирустун кесепетинен улам чет элдик инвестициялардын кыскарышы жана ишмердүүлүктүн төмөндөшү, ошондой эле мигранттардын каражат которуусунун азайуусу, текстилдин экспортунун жана республикага болгон туристтик агымдардын кыскаруусу кирет. Бул факторлордун баардыгы 2020-жылы бою сомго басым көрсөтөт.

Экинчи фактор тууралуу айта кетсек, ишкерлердин жана калктын көпчүлүгү доллардын жетиштүү денңгээли менен камсыз болуп алышкан, бирок спекуляция аркылуу киреше алууга аракет кылып жаткандар дагы жок эмес.

«Спекулянттар сомго анча чоң таасир бере алышпайт, анткени Кыргызстанда фондулук рынок өнүккөн эмес жана валюталык куралдар өтө оор, ал эми коммерциялык банктар жөнөкөй. Бул жагдай өлкөгө ар кандай, трейдерлер, банктар, хэдж-фонддор жана башка ушул сыяктуу «ысык капиталдын» келишине жол бербейт. Анын үстүнө биздин экономика өтө кичинекей болгондугуна байланыштуу чоң спекулянттар менен оюнчуларда чоң кызыгуу жаратпайт...ал эми ар бир чоң көлөмдөгү иш-аркеттер Улуттук банктын байкоосунда болот» - деп түшүндүрөт Темиралиев.

Бюджеттин кирешелик бөлүгүнүн жетишсиздигин, республикадагы ишмердүүлүктүн төмөндөшүн эске алуу менен алтын валюталуу резервдеринин баалуулугу бир нече эсеге жогорулайт. Темиралиевдин айтымында, аларды сомдун курсун сактап калуу үчүн көлөмдүү интервенцияларга коротуу туура эмес болот.

Анын белгилөөсүндө, 2020-жылы доллардын курсу жогорулоону улантышы толук ыктымал. Ага байланыштуу каржы эксперти мындай кырдаалда эмне кылуу керектиги тууралуу ишкерлерге кеңештерди берди:

  • Өнүктүрүү пландарын кайра карап чыгыңыздар;
  • Америкалык мыкты ишканалардын акцияларына инвестиция салууну ойлоштуруңуз (эркин капиталы бар жарандар үчүн);
  • Кризистен кийин дароо агрессивдүү өсүүгө өтүү тууралуу ойлонуңуз (каражаттары бар, Кыргызстандын аймагында иш жүргүзүүнү каалаган ишкерлер үчүн);
  • Мыкты адистерди сактап калуу тууралуу ойлонуңуздар, анткени өсүү башталганда мыкты кадрлардын орду өтө чоң ролду ойнойт;
  • Шериктештер менен өз ара мамилелерди кайра караштырууну ойлонуштуруңуз (аны уставда, келишимдерде же жок дегенде меморандумдарда жазууну баштай бериңиз);
  • Ички процесстерди жакшыртууну, кризистен кийин ишкананын өнүктүрүү стратегияларын жана ички документтерин иштеп чыгыңыз.  Карантин- бул кесиптик китептерди окууга, жаратмандуулукка жана пландарды куруу үчүн эң жакшы убакыт.

Тэги: эксперт доллар курс

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу