Социалдык баракчалардын ичинен Facebook – 10 жылдан бери атактуулугун жоготпогон тиркеме катары таанылды. Бул тууралуу Forbes порталы, App Annie аналитикалык компаниясы чыгарган жыйынтыкка таянып, жазып чыкты.
App Annie жүргүзгөн иликтөөсүндө, Facebook 10 жыл ичинде эң көп көчүрүлгөн тиркеме болгон. Экинчи орунда Facebook Messenger, андан соң WhatsApp жана Instagram турат. Бешинчи орунду Snapchat ээлеген.
Экинчи топ-10 ичине Skype, TikTok, UC Browser, YouTube жана Twitter кирген. Тизмедеги сегиз тиркеме америкалык компанияларга тийиштүү, ал эми экөөнү кытайлык компания ээлик кылат.