Фин ишкерлери Кыргызстандагы «жашыл» долбоорлорго кызыктар

01.02.2023, 12:10 Акчабар
Фин ишкерлери Кыргызстандагы «жашыл» долбоорлорго кызыктар

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Астанада жайгашкан Финляндиянын Кыргызстан боюнча Атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Сойли Мякеляйнен-Буханист жана “Метсо Аутотек” (Metso Outotec) компаниясынын президенти Маркку Терасвасара жетектеген Финляндия делегациясын кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Жолугушууда тараптар саясий кызматташтыкты жандантуу, Кыргызстандын экономикасына фин компанияларынын инвестицияларын тартуу, “жашыл экономика”, энергиянын кайра жаралуучу булактары, тоо-кен өндүрүшү, креативдүү экономика чөйрөсүндө кызматташуунун келечегин талкуулашты. 

“Бүгүнкү күндө өлкөдө инвесторлор үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча бир катар реформалар жүргүзүлүүдө. Республиканын инвестициялык климатын жакшыртуу үчүн мыйзамдык базаны өркүндөтүү боюнча тынымсыз иштер жүрүп жатат”, - деди Акылбек Жапаров. 

Ал эми элчи фин компаниялары “жашыл” экономика тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууга кызыктар экендигин билдирип, Кыргызстандын бул багыттагы чоң мүмкүнчүлүктөрүн белгиледи.

Белгилей кетсек, буга чейин “Метсо Аутотек” компаниясынын өкүлдөрү Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, “Кыргызалтын” ААК, “Кумтөр Голд Компани” ЖАК, “Алтынкен” ЖЧК жана “Стюарт Эссей энд Инвайронментал Лэборэторис” ЖЧК жетекчилиги менен бир катар жолугушууларды өткөрүшкөн. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу