Эсептөө палатасы Мамлекеттик курулулуштагы мыйзамсыз аркеттерди аныктады

14.05.2019, 14:37 Акчабар
Эсептөө  палатасы Мамлекеттик курулулуштагы  мыйзамсыз аркеттерди аныктады

Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агентсвосунда Кыргызстандын Эсеп палатасы текшерүү жасап, бир нече мыйзам бузууларды аныктады. 

Эсеп палатасы 2017-жылдагы капиталдык курулуштарга бөлүнгөн бюджеттин аткарылышы текшерүү жасашкан.

2017-жылы Мамлекеттик курулушта бала бакча, мектеп, мекмелерин куруу, оңдоо иштери боюнча программа каралган эмес.

 Ага чейин курулуп бүтпөгөн мекемелерди улоонун ордуна дагы жалпы суммасы 2 934,9 млн сом 71 объекти баштап алышкан. Курулушка ага чейинки  114 объект кирбей, алардын 16 объектиси 2001-2013-жылдары эле башталып бүтпөй келген. Курулуп бүтпөгөн имараттардын жалпы суммасы 336,4 млн түзгөн.

Жаратылыш кырсыктарынан жабыр тарткандардан улам 3 объект кирип, анын жалпы суммасы  81,2 млн. сом түзгөн.

Областык капиталдык курулуш башкармалыктары 97 объктини баасын ашырып, жалпы суммасы  60,0 млн сомго жеткирген. Аудиттин жыйынтыгында бул сумманын 54,6 млн сому кайра калыбына келтирилген.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу