Кыргызстанда 2023-жылдын январында Социалдык фонд пенсияларды төлөөгө 5 миллиард 880,5 миллион сом бөлдү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Каражаттын басымдуу бөлүгү Ош облусунун тургундарына пенсия жана жөлөк пулдарды төлөөгө жумшалган. Андан кийин Жалал-Абад облусу жана Бишкек шаары турат.