Базар-Коргон районунда каржылык мыйзам бузуулар 1,7 млн сомду түздү

14.06.2021, 13:00 Акчабар
Базар-Коргон районунда каржылык мыйзам бузуулар 1,7 млн сомду түздү

2019-жана 2020-жылдарга Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы айыл округдарынын бюджетинин даярдалышына жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча каржылык мыйзам бузуулар 1,7 млн сом болгон. Текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө эсеп палатасы билдирди. 

Аудиторлор 1,4 миллион сомго каражатты сарптоодогу мыйзам бузууларды жана кемчиликтерди аныкташты, анын ичинен:

  • эмгек акыны негизсиз төлөө - 148,2 миң сом;
  • акча каражаттарын жана запастарды негизсиз эсептен чыгаруу - 74,4 миң сом;
  • жол чыгымдарын ашыкча төлөө - 79,7 миң сом;
  • 114 миң сомго курулуш-монтаждоо жумуштарынын көлөмүн жана наркын ашыра баалоо;
  • бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу - 75 миң сом;
  • атайын каражаттарды туура эмес колдонуу - 789 миң сом;
  • бухгалтердик эсепке жашырылган дебитордук жана ашыкча көрсөтүлгөн кредитордук карыздар - 172,9 миң сом;
  • бюджетке кошумча чегерилген кирешелер - 139,4 миң сом;
  • социалдык фонддун кошумча чегерилген кирешеси - 57,8 миң сом.

Каржылык мыйзам бузуулардын 1,6 миллион сому калыбына келтирилүүгө тийиш. Анын ичинен 1,1 млн сом калыбына келтирилген. Мындан тышкары, 313,9 миң сомдук резервдер жана бюджеттик жоготуулар аныкталды.

Тэги: Счетная палата аудит аудитор

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу