2020-жылы Эсепт палатасы 1,8 миңден ашуун уюмга аудит жүргүзгөн. Анын ичинен бюджеттик мекемелер - 1,3 миң, чарба жүргүзүүчү субъекттер - 251, жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелер жана уюмдар - 201 жана башка уюмдар - 6. Бул тууралуу мекеменин отчетунда айтылды.
Маалыматка ылайык, мамлекеттик түзүмдөр тарабынан каржылык мыйзам бузуулар 1,5 миллиард сомдон ашты, резервдер жана бюджеттик жоготуулар 4,9 миллиард сомду, ал эми каражаттарды сарамжалсыз пайдалануу - 1,6 миллиард сомду, коомдук жана башка уюмдарда аныкталган каржылык мыйзам бузуулар - 324 миллион сомду түздү.
Жалпысынан аныкталган мыйзам бузуулардын жалпы суммасынан 3 миллиарддан ашык сомдун орду толтурулууга тийиш, анын 1 миллиарды же 32,6% кайтарылды.