Маданият министрлигинин каржылык мыйзам бузуулары 2019-жылы 30,2 миллион сомду түздү

15.04.2021, 15:40 Акчабар
Маданият министрлигинин каржылык мыйзам бузуулары 2019-жылы 30,2 миллион сомду түздү

Эсеп палатасынын маалыматына ылайык, маданият, маалымат жана туризм министрлигинин 2019-жылдагы бюджетинин аткарылышын текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча каржылык мыйзам бузуулар 30,2 миллион сомдон ашты. 

Калыбына келтирилүүгө тийиш болгон 20,6 миллион сомдун дээрлик 4,3 миллиону калыбына келтирилген. Каражаттын жетишсиздиги жана материалдык баалуулуктар 52,5 миң сомду түзүп, 39,1 миңи аудит учурунда калыбына келтирилген.

[жаңылык 31199]

Акчаны сарптоодогу мыйзам бузуулар жана кемчиликтер 28,2 миллион сомго аныкталды, анын ичинен:

  • эмгек акыны негизсиз төлөө 8,9 млн сомду түздү, 375,4 миң сом калыбына келтирилди;

  • 12,1 млн сом суммасында материалдык баалуулуктарды жана каражаттарды негизсиз эсептен чыгаруу;

  • 1,7 млн ​​сом суммасында курулуш-монтаждоо жумуштарынын көлөмү ашыра көрсөтүлгөн;

  • 817,7 миң сом суммасындагы каражаттарды максатсыз пайдалануу, анын 8,1 миңи өндүрүлүп алынган;

  • жашыруун дебитордук карыз - 3,8 млн сом, анын 1,9 млн сому калыбына келтирилген;

  • 104,1 миң сом бюджеттин киреше бөлүгүнө жана Социалдык фонддун кирешесине 102,6 миң сом кошумча чегерилген.

14,5 миллион сомдук резервдер жана бюджеттик жоготуулар аныкталды, анын 336 миң сому өндүрүлдү. Үнөмсүз кеткен каражаттар 14,7 миллион сомду түздү.

 

Тэги: аудит Счетная палата Минкультуры

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу