2018-2019-жылдар аралыгында «Бишкек» ЭЭАнын каржылык мыйзам бузуулары 206,1 млн сомдон ашты

29.04.2021, 12:20 Акчабар
2018-2019-жылдар аралыгында «Бишкек» ЭЭАнын каржылык мыйзам бузуулары 206,1 млн сомдон ашты

"Бишкек" эркин экономикалык аймагынын каржылык мыйзам бузуулары 2018 жана 2019-жылдары 206,1 миллион сомдон ашты. Текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө Эсеп палатасы билдирди.

Текшерүү 2018-жылы бюджеттин жоготуулары 6,3 миллион сомду түзгөндүгүн аныктады. 18 миллион сомдук каражат максатсыз пайдаланылган. 175,9 миллион сомдук мыйзам бузуулар аныкталды. Алардын ичинен бурмаланган финансылык отчеттуулуктун натыйжасында имараттарды жана курулмаларды эсепке алууда негизги каражаттардын наркы 164,2 миллион сомго төмөндөтүлгөн.

"Бишкек Эркин экономикалык аймагынын башкы дирекциясы бекитилген штаттык таблицадан ашыкча штаттык бирдиктерге 21ден 45 адамга чейинки эмгек келишимдери боюнча жумушчуларды жалдаган, аларды тейлөөгө 6,8 миллион сом сарпталган", - деп билдирди мекемедегилер.

Ал эми 2019-жылы 29,1 миллион сом суммасындагы каражат сарамжалсыз пайдаланылган. 30,2 млн сом өлчөмүндө мыйзам бузуулар аныкталды, анын ичинен жыл ичинде эмгек келишими боюнча кызматкерлерди бекитилген штаттык режимден ашыкча штаттык кызмат орундарына кабыл алуу белгиленди. 200,6 миң сомдук материалдык баалуулуктар жана каражаттар негизсиз эсептен чыгарылып, курулуш-монтаждоо жумуштарынын көлөмү 1 миллион сомго ашыкча көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, резервдер жана бюджеттик жоготуулар 6,3 млн сом өлчөмүндө белгиленди.

Аудиттин жыйынтыгы чара көрүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлдү.

 

Тэги: Счетная палата СЭЗ «Бишкек»

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу