Финансы министрлиги фермерлерге берилген насыянын пайыздык чендерин субсидиялоого 370 млн сом бөлөт

09.02.2021, 17:40 Акчабар
Финансы министрлиги фермерлерге берилген насыянын пайыздык чендерин субсидиялоого 370 млн сом бөлөт

Кыргызстандын финансы министрлиги «Айыл чарбаны каржылоо – 9» долбоору аркылуу фермерлерге берилген насыянын пайыздык чендерин субсидиялоого 370 млн сом бөлөт. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирет. 

 

Каражаттар мал чарбасын, өсүмдүк өстүрүүчүлүктү өнүктүрүү тармагына берилген насыянын пайыздык ченин төлөөгө багытталат. Бирок, каражаттын бардыгы тең субсидиялоого жумшалбайт. 

 

Долбоорго катышууну каалаган коммерциялык банктар атайын арыз менен кайрылса болот жана республиканын бардык аймактарында (райондорунда) банктардын филиалдары башкы приоритет катары каралат. 

Тэги: Финансы министрлиги каржылоо долбоор

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу