Финансылык ортомчулук уюмдарынын кирешеси 4,5 млрд сомду түздү

07.06.2023, 11:03 Акчабар
Финансылык ортомчулук уюмдарынын кирешеси 4,5 млрд сомду түздү

Бүгүн 7-июнда өлкөдө финансы-экономика тармагындагы кызматкерлердин кесиптик майрамы белгиленүүдө. Бул майрам финансы жана экономика министрликтеринин кызматкерлери,  бухгалтердик жана аудитордук компаниялардын финансы-экономикалык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, Финансылык кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн кызматкерлери, Финансылык аналитиктер, ошондой эле ушул профилдеги адистерди даярдаган билим берүү жана илим чөйрөсүнүн кызматкерлери үчүн арналган. 

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу кызматтарын көрсөтүү чөйрөсүндө 900гө жакын уюм иш жүргүзүүдө. 

“Финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүндө иштеген кызматкерлердин тизмелик саны 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча 27,1 миң адамды түздү. Кызматкерлердин эң көп саны финансылык ортомчулук уюмдарында катталган, бул 2021-жылга салыштырмалуу 8,5 пайызга көбөйгөн”, - деп айтылат маалыматта. 

Ошондой эле, 2023-жылдын январь-март айларында финансылык ортомчулук уюмдары тарабынан алынган дүң кирешенин көлөмү 4,5 млрд. сомду түздү. Бул көлөмдүн үчтөн экиси банк чөйрөсүнөн тышкары кредит берүү уюмдары, 18%ы камсыздандыруу компаниялары, 3,4%ы бухгалтердик эсеп жана аудит жаатындагы ишканалар тарабынан түзүлдү.

"Финансылык ортомчулук чөйрөсүндөгү ишканалардын жалпы санынын жарымынан көбү (53,3%ы) быйыл I кварталын 1,5 млрд. сом суммасында пайда менен аяктады, ал эми 14,4%ы чыгаша (0,2 млрд. сом) тартты. 2023-жылдын I кварталынын жыйынтыгы менен алар тарабынан 1,3 млрд. сом пайда өлчөмүндө оң сальдолоштурулган финансылык жыйынтык алынды", - деп белгиленет маалыматта. 

Белгилеп кетсек, майрам Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө экономиканын бардык тармактарынын финансылык жана экономикалык кызматкерлеринин кошкон салымынын маанилүүлүгүн белгилөө максатында уюштурулган. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу