«Союз» Евразиялык валюта жана фондулук биржасынын лицензиясы токтотулду

30.06.2022, 10:07 Акчабар
«Союз» Евразиялык валюта жана фондулук биржасынын лицензиясы токтотулду

Финансылык көзөмөл органы "Евразия валютасы жана фондулук инвестициялык биржасы “Союз” ААКсынын баалуу кагаздар рыногунда ишти жүргүзүү укугуна лицензиясын токтотту.

Тиешелүү буйрукка Финансылык көзөмөл органынын төрагасы Улан Сарбанов кол койду.

Маалым болгондой, мындай чечим "Евразиялык валюта жана фонддук инвестициялык биржасы “Союз” ААКтын мурда жөнөтүлгөн буйруктары аткарылбаганына байланыштуу кабыл алынган.

“2022-жылы Финансылык көзөмөл органы тарабынан баалуу кагаздар боюнча мыйзам бузууларды жоюу жана алдын алуу боюнча эки жолу көрсөтмө жөнөтүлгөн. Финансылык көзөмөл органынын көрсөтмөлөрү "Союз" биржасы тарабынан белгиленген мөөнөттө аткарылган жок", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, "Евразиялык валюта жана фонддук инвестициялык “Союз” биржасы 2019-жылдын март айынан бери иштеп келет. Анын жетекчиси Айгүл Чабанова.

Тэги: валютно-фондовая биржа Кыргызстан лицензия Финнадзор

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу