KICB жөнөкөй акциялардын жаңы чыгарылышын каттады

20.06.2023, 13:53 Акчабар
KICB жөнөкөй акциялардын жаңы чыгарылышын каттады

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы KICB баалуу кагаздарынын кезектеги чыгарылышын мамлекеттик каттоодон өткөрүүнү аяктады. Бул тууралуу ведомствонун сайтында маалымдалды.

Бул "Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкы" ЖАКтын жөнөкөй номиналдык акцияларынын төртүнчү чыгарылышы экендиги, бул банктын уставдык капиталын көбөйтүү ниетин айгинелеп турганы көрсөтүлгөн. KICB жабык акционердик коом экендигин эске алуу менен, чыгарылган акциялардын көлөмү жана жайгаштыруунун номиналдык наркы ачыкталган жок.

 

Быйыл май айынын соңунда банктын уставдык капиталы 1 млрд 532 млн 825 миң сомду түзгөн.

Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкынын акцияларынын 66%ы "Ага Хан" экономикалык өнүктүрүү фондуна, 18%ы пакистандык Habib Bank Plaza банкына тиешелүү экенин кошумчалайбыз. Германиянын инвестиция жана өнүктүрүү корпорациясы, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана Эл аралык каржы корпорациясы 2%, Кыргызстан KICBнин 10% акциясына ээ.

 

 

Тэги: KICB акции уставной капитал Финнадзор

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу