Финполдун башкармалык башчысы мыйзамсыз баюу фактысы менен кармалды

Финансы полициясынын башчысы мыйзамсыз баюу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

 

 

Маалыматка ылайык, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан мыйзамсыз материалдык баюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Финполдун ички иликтөө жана коопсуздук башкармалыгынын башчысы, майор Т.А.Р. кармалды. Ал Финполдун жетекчилик кызматта иштеп турганда Ош жана Бишкектин аймагында 15тен ашык кыймылсыз мүлккө ээ болгон. Мүлктөр анын туугандарына катталган.

Ошондой эле Т.А.Р. Ош шаарында 13 кабаттуу үй, ресторан, дүкөн жана май куюу жайлардын курулушуна ири суммадагы акча которгон.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча анын кыймылсыз мүлкү жана финансылык активдери 4 млн доллардан ашык бааланган. Ал жетекчинин мыйзамдуу кирешесине дал келбейт.

Т.А.Р. кечээ, 18-январда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кошумча ыкчам тергөө иштери жүрүүдө.

 

 

 

 

 

 

 

Тэги: Финансы полициясы мыйзамсыз баюу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу