Финпол: «Ошэлектр» ишканасынын мурдагы директору кармалды

21.01.2021, 15:45 Акчабар
Финпол: «Ошэлектр» ишканасынын мурдагы директору кармалды

1 миллион сом опузалап пара талап кылууга шектелип «Ошэлектр» ААКтын мурдагы башкы директору Дыйканбай Даминов кармалды. Бул тууралуу Финансы полициясы билдирди. 

 

 

Маалыматка ылайык, Финполго «Б» ЖАКтын директору «Ошэлектр» ишканасынын жетекчилигине карата чара көрүү тууралуу арызы менен кайрылган, ал өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, мамлекеттин жана бизнес өкүлдөрүнүн кызыкчылыгына каршы келип, аталган ААК аткарган иши үчүн пара түрүндө акча каражаттарын опузалап талап кылган.

«Б» ЖАКтын өкүлдөрү утуп алган тендер боюнча буга чейин аткарылган иштери үчүн 6 миллион сомго жакын карызды төлөө талабы менен «Ошэлектр» ААКга кайрылгандыгы, андан кийин «Ошэлектр» ишканасынын директору пара түрүндө жеке банктык эсепке 1 миллион сом которуу талабын койгондугу аныкталды.

Үстүбүздөгү жылдын 20-январында «Ошэлектр» ААКнын мурдагы башкы директору Даминов Дыйканбай Исабаевич өзгөчө ири өлчөмдө опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча кармалып, кийин Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тэги: Финпол Ошэлектр Ишкана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу