Каржы министрлиги кезектеги мыйзамсыз ташылган күйүүчү майды кармады

15.11.2019, 09:52 Акчабар
Каржы министрлиги кезектеги мыйзамсыз ташылган күйүүчү майды кармады

Каржы полициясынын райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери  тарбынан, Талас облусунун ЖКККББ менен Бакай-Ата, Талас райондору жана Талас шаарында жүргүзүлгөн рейддик текшерүүлөрдө Mercedes-Benz Sprinter 313 үлгүсүндөгү күйүүчү майды мыйзамсыз ташыган автоунаалар кармалган. 

Жүргүзүлгөн текшерүүдө, жүк ташыган автоунаада эч кандай уруксат кагаздары жок,  3 тоннага жакын күйүүчү май толтурулган пластикалык идиштер табылган.

Аталган автоунаалар жүк менен кошо айып пул төлөөчү жайга токтотулду. 

Эске сала кетсек, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин чечими менен, Кыргызстанга 23-октябрдан тарта автоунаа менен КР территориясына  нефти жана күйүүчү майды ташууга убактылуу тыюу салынган. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу