Финансылык чалгындоо кызматынын кызматкерлеринин майрамы менен өкмөт башчы куттуктады

08.09.2020, 14:10 Акчабар
Финансылык чалгындоо кызматынын кызматкерлеринин майрамы менен өкмөт башчы куттуктады

Премьер-министр Кубатбек Өкмөткө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. 

Куттуктоонун текстти төмөндөгүдөй: 

Урматтуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын кызматкерлери!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Сиздерди Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо органынын түзүлгөндүгүнүн 15 жылдыгы менен чын дилимден куттуктаймын!

Финансылык чалгындоо органынын алдына террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жана өлкөнүн финансы системасынын ачык-айкындуулугун жогорулатуу боюнча жоопкерчиликтүү милдеттер коюлган.

Бул багыт боюнча жигердүү иш – өлкөнүн финансылык коопсуздугуна жана туруктуулугуна маанилүү  салым болуп саналарын белгилей кетиш керек.

Акыркы убактарда террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө жетишкендиктер болду. 

Ошол эле учурда аталган чөйрөдөгү коркунучтар сакталып турат, ошондуктан террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүүнүн заманбап жана натыйжалуу ыкмаларын колдонууңуздар зарыл.

Ошондой эле ушул чөйрөдөгү эл аралык кызматташууда Сиздердин салымыңыздар эбегейсиз, бул тармактагы жасап жаткан  иштериңиздерди бекемдөө жана аны өнүктүрүү абдан маанилүү жана учурдун талабы. Бул абдан оор, жогорку даражадагы жоопкерчиликтүү милдет, бир гана тажрыйбаны жана кесипкөйлүктү гана эмес, жеке сапаттарды да талап кылат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын кызматкерлерине кесипкөйлүгү жана берилип  кызмат кылганы үчүн ыраазычылык билдиргим келет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мындан ары жагымдуу эмгек шарттарын түзүүгө, кызматкерлердин социалдык жактан корголушун жакшыртуу жана финансылык чалгындоо органынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча ишин улантат.

Ишиңиздерде жаңы ийгиликтерди,  сиздерге жана жакындарыңыздарга ден-соолук жана бакубат жашоо каалаймын.

 

Тэги: Финполиция майрам Өкмөт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу