Эми жеке жактар өз кызыкчылыгы үчүн лизингге унаа ала алышат

20.03.2024, 12:17 Акчабар
Эми жеке жактар өз кызыкчылыгы үчүн лизингге унаа ала алышат

Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, “Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Бул Мыйзамдын максаты өлкөдө лизинг сунуштоо шарттарын алга илгерилетүү, жеке адамдарга автоунааларды жана мото-транспортторду жеке пайдалануусу үчүн сатып алуу, ошондой эле лизинг рыногу инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн өбөлгөлөрдү түзүү – сунуштоочулар катарын көбөйтүү, дилердик түйүндөр чөйрөсүн кеңейтүү, тейлөө компанияларын ачуу, камсыздандыруу шарттарын өркүндөтүү аркылуу лизингге керектүү унаа каражаттарын сатып алуу мүмкүнчүлүгүн сунуштоо менен финансылык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүн кеңейтүү болуп саналат.

Мыйзамда зайымдарды берүү боюнча кесиптик иши Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык коммерциялык юридикалык жактын статусундагы экономикалык иштин салыктык каттоосунан милдеттүү тартипте өткөрүлүүгө тийиш экендиги каралган.

Мындан тышкары лизинг иши Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык лицензияланууга тийиш экендиги белгиленген. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген орган лицензиар болуп саналат (Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүндөгү юридикалык жактардан тышкары).

 

Тэги: новости экономика Кыргызстана лизинг

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу