FlyArystan Түркстан-Бишкек-Түркстан каттамын баштайт

31.05.2021, 09:02 Акчабар
FlyArystan Түркстан-Бишкек-Түркстан каттамын баштайт

Бүгүн, 31-майда "Манас" эл аралык аэропортунда биринчи жолу Түркстан-Бишкек-Түркстан аба каттамы ачылат. Бул тууралуу авиакомпаниядан билдиришти. 

FlyArystan авиакомпаниясы жүргүнчүлөрдү Бишкектен Нур-Султанга же Алматыга Түркстан аркылуу ташыйт. Саякаттын баасы бир тараптуу учуу үчүн 60 евродон.

“FlyArystan жүргүнчүлөрдүн Казакстанда ыңгайлуу эс алышын камсыз кылып, күн сайын жана күндүз учууларды байланыштырып турууга кам көрүүдө. Алсак, Бишкектен саат 15:00дө чыгып, Казакстандын борборуна саат 19:45те, ал эми Алматыга саат 19:05те келесиз”, - деп белгилешти компаниядагылар.

Бардык багыттар боюнча билеттер 2021-жылдын октябрь айынын аягына чейин сатылат.

FlyArystan - Казакстандын биринчи арзан авиакомпаниясы, "Эйр Астананын" түзүмдүк бөлүмү. Анын флотунда 10 заманбап Airbus A320 реактивдүү учагы бар жана салондору Recaro Slim эконом класстагы 180 орунга ылайыкташтырылган.

Тэги: FlyArystan авиарейс Бишкек Туркестан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу