Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду индивидуалдык коргонуу каражаттарынын запастарын түзүүгө жана алууга кошумча 104.8 млн сом бөлүп берди. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
«Каражаттар толугу менен өздөштүрүлүп, сатып алуу жүргүзүлдү. Азыркы учурда шаардын медициналык уюмдарында индивидуалдык коргонуу каражаттары жетиштүү көлөмдө бар»,-деп билдирет мэрия.
Пандемиянын башынан бери ММКФ Бишкекке 1 млрд 576.2 млн сом бөлүп берген, алардын ичинен каражаттар төмөнкүгө жумшалган:
Индивидуалдык коргонуу каражаттарын алууга 50 млн сом бөлүнгөн.