Быйылкы жылы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан COVID-19 учурунда өзгөчө кырдаал режимине тартылган 737 медицина кызматкеринин ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн 72 миллион 953 миң сом төлөндү. Бул тууралуу фонддун сайтында маалымдалды.
Тагыраагы:
Белгилеп кетсек, 2021-жылы ММК фонду тарабынан 253 медицина кызматкерине 18 миллион 943,1 миң сом компенсация төлөнүп берилген.
Жалпысынан 2021-жылдан 2022-жылга чейин Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминдеги иш-чараларга катышкан саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын берген арыздары боюнча 990 кызматкерге 91 млн 896,1 миң сом төлөнгөн.