Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун байкоочу кеңеши бюджетти түзүүчү 46 долбоорду каржылоону жактырды. Ошондой эле, 2021-жылдын планына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген.
Каржылык колдоого ээ болгон бардык долбоорлор айыл чарбасын, сүт жана эт азыктарын кайра иштетүүчү ишканаларды, багбанчылыкты, экотуризмди, балык өстүрүүнү өнүктүрүүгө, темир-бетон, кондитердик жана эмерек цехтерин жана билим берүү борборун ачууга багытталган.
Каржылоо райондор жана шаарлар боюнча төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт.
Тоң району - 7 долбоор;
Жети-Өгүз району - 7 долбоор;
Ак-Суу району - 8 долбоор;
Түп району - 7 долбоор;
Ысык-Көл облусу - 4 долбоор;
Балыкчы шаары - 3 долбоор;
Каракол - 10 долбоор.