Дүйнөдөгү эң бай аял болуп Forbes версиясы боюнча L’Oréal компаниясынын негиздөөчүсүнүн небереси Франсуазу Беттанкур-Майерс аталды. Журналдын баасы боюнча анын байлыгы $49 млрд деп эсептелгенин «РБК» жазып чыкты.
Ал эми дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесинде Беттанкур-Майерс 14-орунда. Былтыр анын байлыгы 17%, же $7.1 млрд өскөн. Анын үй-бүлөсү косметика гигантынын 33% акциясына ээ.
Буга чейин Forbes дүйнөдөгү бай аялдары катары Франсуазунун апасы менен L’Oréal компаниясынын негиздөөчүсүнүн кызы Эжена Шюллера Лилиан Беттанкур саналып келген. Дүйнөдөгү бай аялдардын катарына ал 1987-жылы журнал өз рейтингин жарыялаганда биринчи жолу кирген.
Дүйнөдөгү баардык бай адамдардын толук тизмесин 5-мартта жарыялайт. Азырынча, дүйнөдөгү ири байлардын тизме башында Amazon компаниясынын ээси Джефф Безос $131 млрд байлыгы менен ээлегенин айтып чыгышты. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу анын байлыгы $19 млрд өскөн.